Казакстан
жасалма интеллект кеңири колдонулган, санариптик технологиялар өнүккөн өлкөгө
айланышы керек. Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда бул нерселерге өзгөчө көңүл буруп, алардын
өлкө үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Президент мындай иш бир гана Өкмөткө
жүктөлбөстөн, ага парламентарийлер да тартылышы керектигин айтты. Кошумчалай кетсек депутаттардын
айтымында, жаңы саясий сезондо дал ушул багыттар боюнча иштер башталып, жаңы
мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу улантылат.
Екатерина Смышляева,
Парламент мажилисинин депутаты:
- Жасалма
интеллектти жөнгө салуу боюнча көп иштер жасалышы керек, эгерде өкмөттүн ишке
ашыруу бөлүгү болсо, анда алар негизинен башка платформада иштешет жана биз
депутаттарга жүктөлгөн жөнгө салуучу бөлүгүн камтышыбыз керек. Кибер тынчтыкты
камсыз кылуу биздин туруктуу күн тартибибиз. Биз андан кетпейбиз жана жасалма
интеллекттин көз карашынан алганда, санариптик технологияларды өнүктүрүү
контекстинде жарандарыбыздын гумандуулугун жана коопсуздугун камсыз кылышыбыз
керек. Анткени ал пайда эмес, зыян
келтириши мүмкүн. Ошондуктан биздин милдетибиз тең салмакты сактоо.
Парламенттин Төмөнкү палатасынын депутатынын айтымында,
салыктык башкаруу тармагына санариптик технологияларды киргизүү маанилүү
милдеттердин бири. Айрыкча жаңы Салык кодексин өркүндөтүүгө байланыштуу
президент аны иштеп чыгууда кылдаттык менен карап, кабыл алууда шашылбоого
буйрук берди. Муну менен катар, мыйзам чыгаруучу
санариптик активдер менен майнингди жөнгө салуу жана крипто-биржаларды андан
ары өнүктүрүү боюнча укуктук документтерди өркүндөтүү менен алектенет.
Екатерина
Смышляева, Парламент мажилисинин депутаты:
- Крипто-биржалардын
ишмердүүлүгү, алар бүгүн АЭКБда иштешет. Бул жерде майнингге байланышкан
маселелер мыйзам чегинде жөнгө салынган, бирок башкарууга тиешелүү учурлар да
бар, ошондуктан биздин ишибиздин келечеги ачык. Маалымат борборунун бир бөлүгү
үчүн биз ченемдик-укуктук талаа түздүк, азыр алар өнүгүп баштады. Менимче,
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдык реформа жана анын жоболору
инвесторлорду АЭКБ курулушу боюнча долбоорлорго катышууга түрткү берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков