Казакстанда суу секторун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координация кеңеши түзүлдү

Казакстанда суу секторун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү. Ага өлкөнүн тармактык министрлигинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, донордук ассоциациялардын жана башка бир катар түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирет. Кеңеш каржылык жана техникалык ресурстарды мобилизациялоо менен алектенет. Ошентип, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жана инновациялык чечимдерди өлкөнүн суу тармагына киргизүү каралып жатат.

Нуржан Нуржигитов, суу ресурстары жана ирригация министри:

- Дүйнөлүк банк менен биз Түндүк Аралды куткаруунун экинчи этабын баштоону пландап жатабыз. Азыр бул үчүн керектүү документтер даярдалып жатат. Мындан тышкары, биз азыр Ислам Өнүктүрүү Банкы менен иштешип жатабыз. Аяк оона айынын башында биз протоколго кол койдук. Тогуздун айында негизги келишимге кол коюуну пландап жатабыз.

Кеңешменин алкагында суу ресурстарын башкаруу жаатында аймактык кызматташууну бекемдөө жагы да камтылды. Казакстан бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия менен трансчек аралык суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча келишим түздү. Азыр Кытай менен келишимдин тиешелүү долбоору иштелип жатат. Белгилей кетсек, Кытай менен чектешкен 25 дарыя бар.

Болат Бекнияз, суу ресурстары жана ирригациянын биринчи вице-министри:

- Изилдөөлөр жүргүзүлдү. Биз Кытайга бардык, бизге кытайлык серепчилер келишти. Бардык дарыяларды изилдеп, келишим болгондо конкреттүү сандар болушу керек. Канчадан бөлүнүш керек дегендей.  Негизинен 50/50 болмок. Канча суу кирип жатканын биз азыркы учурда так билебиз.

Белгилей кетсек, бир жыл мурда өлкөдө суу ресурстары жана ирригация министрлиги түзүлгөн. Бул мезгилде тармактын укуктук базасын түзүүгө басым жасалды. Парламентте жаңы Суу кодексинин долбоору каралып жатат. Ошондой эле 2024-2030-жылдарга Суу ресурстарын өнүктүрүү Концепциясы бекитилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков