Тоо-кен тармагына рекорддук инвестиция тартылды

Тоо-кен тармагына рекорддук инвестиция тартылды

Дүйнөлүк өнөр жай гиганттары Казакстандын геологиялык чалгындоо тармагына кызыгуучулук таанытууда. Быйыл бештин айынын 20да e-qazyna.kz платформасында электрондук аукцион өткөрүлдү. Ата мекендик тоо-кен өнөр жайы АКШнын, Улуу Британиянын, Австралиянын жана Түркиянын ири компанияларынын көңүлүн бурган. Өлкөнүн Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, катуу пайдалуу кендерди чалгындоо укугун алууга багытталган аукцион эки жарым миллиард теңгеге жакын кол коюу бонусу менен аяктады. Серепчилердин айтымында, тармакка дүйнөлүк рыноктун ири оюнчуларын тартуу Казакстандын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, өлкөгө чет элдик инвестициялардын агымын арттырууга салым кошот. Бул жаатта жеке капитал ата мекендик тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды киргизүүнү камсыздайт, дешет адистер. Эскерте кетсек, геологиялык тармакка чет элдик ири инвесторлорду тартуу мамлекет башчысы берген тапшырмалардын бири.

Иран Шархан, Өнөр жай жана курулуш вице-министри:
- Биз рынокко бир катар жаратылыш ресурстарын сунуштай алабыз. Алар абдан маанилүү материалдар: жез, алюминий жана эң негизгиси, мамлекет башчысы сейрек кездешүүчү металлдар жаңы мунай деп айткан жайы бар. Ошондуктан биз өз аймагыбызда терең изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Бул элементтерди табуу абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков