Казакстан Премьер-министри менен ОПЕК+ баш катчысы мунай тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Казакстан Премьер-министри менен ОПЕК+ баш катчысы мунай тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Казакстан ОПЕК+ алкагында кызматташууну улантуу ниетинде. Бул тууралуу республиканын Премьер-министри мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун башкы катчысы менен жолугушууда билдирди. Олжас Бектенов ОПЕКтин дүйнөлүк рыноктун туруктуулугун камсыз кылуудагы маанилүү ролун белгиледи. Атап айтканда, ОПЕК+ алкагында мунай өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочуларынын макулдашылган аракеттери мүмкүн болуучу терс кесепеттерди азайтууга жана рыноктук кырдаалды турукташтырууга жардам берет. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө уюмдун демилгелерин колдойт жана башка өлкөлөр менен катар учурдагы ыктыярдуу милдеттенмелерге чектөөлөрдү кабыл алат. Өз кезегинде Хайтам Аль-Гайс Казакстандын дүйнөлүк мунай рыногундагы маанилүү ролу, өлкөдө көрүлүп жаткан чаралардын «кара алтын» рыногунда балансты камсыздоого тийгизген таасири тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, Казакстан ОПЕК+ келишимине 2016-жылдан бери мүчө. Республикада мунай өндүрүү менен 90дон ашык ишкана алектенет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков