Транскаспий аркылуу жүк ташуу үч эсеге артат

Транскаспий аркылуу жүк ташуу үч эсеге артат

Транскаспий эл аралык транспорттук багыты же Орто коридор боюнча жүк ташуу көлөмү 2030-жылга чейин үч эсеге өсүп, 11 миллион тоннага жетиши мүмкүн. Бул көрсөткүчтүн басымдуу бөлүгү Казакстандын үлүшүнө туура келет. Бирок мындай көрсөткүчкө жетүү жана товарларды жеткирүү мөөнөтүн эки эсе кыскартуу үчүн белгилүү чараларды көрүү керек. Дүйнөлүк банктын адистери Астанада коридордун трансформациясы боюнча өз изилдөөлөрү менен тааныштырышты. Чечимдерди кабыл алуу Казакстанга, Азербайжанга жана Грузияга аталган жолду дүйнөдөгү эң ишенимдүү багытка айлантууга жардам берет. Бул үчүн кызмат көрсөтүү стандарттарын жакшыртып, бажылык текшерүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү, транспорт тарифтеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен Каспий боюнча жана темир жол транспортундагы документтерди толук кандуу электрондук форматка алмаштыруу зарыл. Ошол эле учурда, инфраструктураны да эстен чыгарбоо керек.

Виктор Арагонес, Дүйнөлүк банктын транспорт боюнча ага экономисти:
- Изилдөөбүздүн бир бөлүгү катары биз сооданы моделдөө, транспорттук моделдөө иштерин жүргүзүп, учурдагы чектөөлөрдү талдап чыктык. Учурдагы негизги тоскоолдук темир жол транспортуна байланыштуу. 3 мамлекетке вагон жана локомотивдердин санын көбөйтүү керек. Ошону менен бирге, Актаудан Бакуга деңиз аркылуу жүк ташуучу кемелердин санын арттыруу зарыл. Ошондой эле, жүктөрдү темир жолдон портторго өткөрүү үчүн кошумча каражаттар керек. Темир жолдон жүктөлгөн же артылган жүктү таш жолго да арта билүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков