Казакстандын өкмөтүндө бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар каралды. Премьер-министр Алихан Смаилов жетектеген Экономиканы модернизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында Бахты-Аягөз темир жолунун курулушу талкууланды. Ал республиканын транспорттук-транзиттик дараметин бир кыйла жогорулатат. Жыйындын катышуучулары Алматы облусунда айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү логистикалык борбордун курулушуна да токтолушту. Ал француз компаниясы менен биргеликте курулуп жатат. G4 City долбоорунун алкагында мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды, эт, балык жана сүт азыктарын сатуу боюнча жаңы форматтагы диверсификацияланган борборду ачуу пландалууда. Мындан тышкары Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун актуалдуу маселелери талкууланды. Ишкана эл чарбасына жылына 700 миллион кубометрден кем эмес газ берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков