Казакстанда жыл аягына чейин 7 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Казакстанда жыл аягына чейин 7 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Казакстанда өткөн жылы 4 ири инфраструктуралык долбоор аяктады. Тактап айтканда, Екибастуздагы биринчи мамлекеттик региондук электр станциясынын энергоблогу калыбына келтирилип, Сиань шаарында транспорттук-логистикалык терминал иштей баштады. Алматы энергетикалык комплексинин керектүү газ инфраструктурасынын курулушу аяктап, Карашыганак кенинде газды кайра өндүрүүго арналган компрессор пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевге «Самрук-Казына» башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупов айтты. Жалпысынан, компаниялар тобунун таза кирешеси 2024-жылы 39 пайызга өскөн. Жылдын аягына чейин дагы 7 ири инвестициялык долбоорду аяктоо көздөлүүдө. Анын ичинде Актау портундагы контейнердик хаб да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков