Казакстандын түштүк
райондорунун ирригациялык жана дренаждык системалары жаңыланууда. Жалпысынан
Алматы, Жамбыл, Кызылорда жана Түркестан облустарындагы курулуш жана реконструкциялоо иштери 100 миң гектардан ашык аянтты
камтыйт. Бул тууралуу бүгүн республика
өкмөтү менен эл аралык каржы уюмдарынын кызматташуусу боюнча Координациялык
кеңештин жыйынында сөз болду. Атап айтканда, алар Дүйнөлүк банк жана Европа реконструкциялоо өнүктүрүү банктары. Ошондой эле, тараптар
өлкөнүн түштүгүндөгү бир жарым миң конуштарды жогорку ылдамдыктагы интернетке
туташтыруу маселелерин талкуулашты. Бул миллиондон ашык
казакстандыктар дүйнөлүк желеге кире алат дегенди билдирет. Мындан тышкары
темир жолдорду модернизациялоо, жаңы вагондорду жана электровоздорду сатып
алуу, ошондой эле Караганды-Жезказган автожолун реконструкциялоо пландары
каралды. Аталган каттамдын ишке кириши аймактагы логистикалык тейлөөнү жана
сооданы өнүктүрүүгө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков