2026-жылдан баштап Казакстанда товарлардын коду милдеттүү болот

2026-жылдан баштап Казакстанда товарлардын коду милдеттүү болот

Казакстанда 2026-жылдын үчтүн айынын 1инен тарта өлкө аймагында бардык продукцияны сатууда Улуттук товарлар каталогунан NTIN кодун колдонуу милдеттүү болуп калат. Жаңы борборлоштурулган санариптик ресурс товарлар жөнүндө маалыматты бириктирип, өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор жана соода түйүндөрүнүн ортосундагы маалыматтардын чачырандылыгын жок кылат. Каталогдогу ар бир аталыш үчүн толук маалыматы бар карточка түзүлөт - курамынан жана өлкөсүнөн тартып брендге жана NTIN кодуна чейин - GTIN эл аралык штрихкодунун казакстандык аналогу. Эксперттердин айтымында, мындай жаңылыктар бизнестин товарларды сүрөттөөгө кеткен чыгымдарын азайтып, аларды рынокко чыгарууну жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет. Мамлекет үчүн бул система өнүмдүн жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө, контрафакт менен күрөшүү куралы болуп калат.  Ал эми сатып алуучулар үчүн ачыктыктын жана коопсуздуктун кепилдиги болот. Соода министрлиги рыноктун катышуучуларын жаңы талаптарга жылмакай өтүүнү камсыз кылуу үчүн пилоттук долбоорго азыртан кошулууга чакырат.

Асет Турысов, Казакстандын каржы вице-министри:  

- Мыйзамга ылайык жана мамлекет башчысы кол койгон тапшырма боюнча, кийинки жылдын үчтүн айынын 1инен баштап бардык өндүрүүчү-импорттоочулар өз товарларын мамлекеттик маалымат базасында түздөн-түз каттоого милдеттүү болушат, тиешелүү мыйзамга кол коюлду жана өкмөттүн ичинде аны ишке ашыруу боюнча жол картасы иштелип чыкты. Каталог фискалдык маалыматтардын операторлору менен байланышкан – бул контролдук-кассалык машиналар менен, башкача айтканда, чектерди чыгарууда толугу менен интеграцияланган жана NTIN чыгат. Ушунун эсебинен азыр базада 15 миллион товар бар.

Которгон: Назира Бегалиева