Астанада эл аралык 5 долбоор жүзөгө ашырылууда

Астанада эл аралык 5 долбоор жүзөгө ашырылууда

Борбор калаада чет элдик капиталдын катышуусу менен беш инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алардын жалпы баасы 620 миллиард теңгени түзөт. Бул негизинен көп тармактуу борборлорду жана билим берүү объектилеринин курулушуна байланыштуу. Бул жаатта, былтыр эл аралык долбоордун алкагында жети миллиард теңгеге борбор калаада эки мектептин пайдубалы түптөлгөн. Келерки жылы Астанада 10 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери шаардын экономикасына тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү 1 миллиард долларга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков