Астана эл аралык каржы борборунун соту менен эл аралык арбитраждык борбору алты жылда 2600гө жакын инвестициялык талашты оң чечти. Каралып жаткан талаш-тартыштардын көбү коммерциялык чөйрөгө байланыштуу. Жардамга өлкөгө инвестиция салып, бизнесин кеңейтип жаткан 28 мамлекеттин инвесторлору менен алдыңкы бизнес өкүлдөрү кайрылышты. Анын курамына Европа өлкөлөрү менен бирге Кытайдын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Индиянын өкүлдөрү кирди. Келечекте АЭКБ, ЕАЭБ, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүн бириктирген универсалдуу аянтча болууну мерчемдеп жатат. Бүгүнкү күндө борбордук Евразиянын 9 өлкөсүндө кеңселери бар. Акыркысы Бээжин шаарында ачылды. Серепчилердин айтымында, Казакстанда бизнес ачкысы келген инвесторлор ишенимдүү укуктук коргоого өзгөчө кызыкдар.
Кристофер Кэмпбелл-Холт, ЭКБ Сотунун жана ЭАБ каттоочусу, аппарат башчысы:
– Биз мындай иштерди кароо процессин тездетүү менен гана чектелбестен, өз чечимдерибиз менен Казакстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылабыз. Анткени бул жол өлкө экономикасы үчүн абдан маанилүү. Мындан тышкары, биз бизнесмендердин аброюн сактап, көбүрөөк инвестиция тартып жатабыз. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков