Мамлекеттик башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу – Казакстандагы
конституциялык реформалардын негизги максаттарынын бири. Бул тууралуу Түштүк
Кавказды изилдөө борборунун жетекчиси Фархад Маммадов билдирди. Анын айтымында,
өлкөнүн Баш мыйзамын жана мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү салмактуу жана
кылдат мамилени талап кылат. Ошондуктан иш көптөн бери жүргүзүлүп жатат. Бул
процесс серепчилердин, Улуттук курултайдын мүчөлөрүнүн жана жарандардын
катышуусунда кеңири коомдук талкуу менен коштолууда.
Фархад Маммадов, Түштүк Кавказды изилдөө борборунун
жетекчиси:
- Сунушталып жаткан реформалар эң алды менен мамлекеттүүлүктүн
туруктуулугун камсыз кылууга тийиш. Экинчиден, бул реформалардын максаты –
мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле
эң маанилүү элемент – өнүгүүнүн инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

