Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өттү

Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өттү

Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө мамлекеттер экономикалык чөйрөдө активдүү кызматташууда. Алсак, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин ИДӨ дээрлик 4%ды түздү. Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновдун айтымында, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтындагы эл аралык диалог өзгөчө мааниге ээ, ал эми кабыл алынган чечимдер интеграциялык жараяндардын өнүгүүсүнө жаңы дем берет. Тараптар агроөнөржай комплекси чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин жана аларды колдоо механизмдерин карашты. Селекцияны өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү, мал чарбачылыгы, өнүмдү кайра иштетүү сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, катышуучулар ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүүнүн келечектери боюнча пикир алмашышты. Тараптар бул багыттагы ишти активдештирүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков