Казакстанда интеллектуалдык укук боюнча алгачкы магистратура ишке кирди

Казакстанда интеллектуалдык менчик жана бизнес тармагында юридикалык магистрлерди даярдоо боюнча билим берүү программасы ишке кирди. Дүйнөдө мындай программалар 14 мамлекетте бар болсо да, ал азырынча Евразия мейкиндигинде биринчи жана жалгыз десек болот. Өлкөдө бул нерсеге Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму жана Максут Нарикбаев университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюунун аркасында жетишилди. Алгачкы студенттер 15 адам болсо, алардын 10у гранттык негизде окушат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчик ээлери үчүн дүйнөлүк рынок 70 триллион долларды түзөт. Ал эми, интеллектуалдык укуктар жана менчик маанилүү роль ойногон креативдик индустрияны өнүктүрүү үчүн кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу зарыл.

Азамат Ескараев, Юстиция министри: 

– Google, Amazon сыяктуу ири корпорациялар, алардын баары өздөрүнүн укуктарын, ойлоп табууларын жасалма интеллект тармагында  коргошот. Ошо сыяктуу эле, OpenAi, бардык бул аймактар, түздөн-түз укуктук коргоону талап кылат. Ал эми интеллектуалдык коргоо жаатындагы бул магистрдик программа биздин казакстандык студенттерди интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун жаңы ыкмаларына үйрөтүүгө жардам берет.

Абай Абылай уулу, MAQSUT NARIKBAYEV UNIVERSITY «эл аралык укук» билим берүү программасынын жетекчиси: 

– Интеллектуалдык менчикти коргоонун 2 системасы бар - эл аралык жана улуттук. Биринчиси, мисалы, товардык белгини каттоодо көптөгөн артыкчылыктарды берет. Эгерде мен өзүмдүн товардык белгиге болгон укукту эл аралык система боюнча коргосом, анда ал бардык өлкөлөрдө корголот. Ошондуктан студенттер бул практиканы үйрөнүшөт. Биздин максат - аталган тажрыйбаны өздөштүрүү жана бизде улантуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков