Казакстанда инфляция акыркы беш ай катары менен төмөндөп
жатат. Акыркы эки айда анын өсүү темпи дээрлик 2%га азайды. Өлкөнүн Улуттук
статистикалык бюросунун маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын теке айында
инфляциянын деңгээли 14% деңгээлинде турукташкан. Базарда кант, гречка жармасы,
күн карама майы, кызылча, сабиз, картошка бир кыйла арзандады. Жаздан бери
азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен бирге акы төлөнүүчү кызмат
көрсөтүүлөрдүн кымбатташы бир аз басаңдады, бирок баанын өсүшү толук токтой
элек. Тармак адистеринин айтымында, өткөн айда керектөөчү товарлардын жана
кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшү жылдык мааниде 13-15%ды түзгөн. Ошол эле
учурда аймактардын ичинен эң жогорку жылдык инфляция борбор калаада, Улытауда
жана Түндүк Казакстан облусунда, ал эми эң төмөнкү деңгээли Алматыда катталган.
Эл керектөөчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын
өсүшү:
Товарлар жана кызматтар 14%
Тамак-аш азыктары -13,5%
Азык-түлүк эмес товарлар - 15%
Акы төлөнүүчү кызматтар – 13,6%
Которгон: Илгиз Жамалбеков