Айыл чарба министрлиги түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, аба ырайынын начардыгына карабастан казакстандык дыйкандар 16 миллион 400 миң тонна эгин жыйнашкан. Ар гектардан орточо 10,3 центнерден түшүм алынууда. Адистердин айтымында, бул ички рынокту толук камсыздоо менен бирге ошондой эле, экспортко жиберүүгө да жетет. Адистердин айтымында, эгиндин сапаты жогору. Чабылган буудайдын дээрлик бардыгы азык-түлүктүк. Буудайдын 90,5%тен ашыгы 1-3-сортко кирет. Ошондой эле, курамында глютен өлчөмү жогору дан үлүшүнүн бир кыйла өсүшү байкалат. Быйыл кара буудайдын, жүгөрү, буурчак жана гречканын жыйналган көлөмү кыйла өстү. Акыркысын өндүрүү 80 миң тоннадан ашты, бул 2020-жылга салыштырмалуу 76 пайызга көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеко