Казакстан менен Катар агроөнөр жай комплексинде долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Ага ылайык, Акмола облусунда дан иштетүүчү завод куруу пландалып жатат. Биргелешкен ишканага 200 миллион доллар керектелет. Өлкөнүн премьер-министринин сайтындагы маалыматка караганда, учурда анын концепциясы жана өнөктөштүк шарттары иштелип жатат. Жалпысынан тараптар эки жактуу мамилелерди кеңейтүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар. Белгилей кетсек, өткөн жылы республиканын экономикасына Катардын инвестициясынын көлөмү 3 эсеге өскөн. Ушундай эле өсүш 10 айдын ичинде товар алмашуу көрсөткүчтөрүндө да байкалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков