«Самрук-Казына» фондунун
инфраструктуралык долбоорлор портфели 100 миллиард доллардан ашты. Азыр анда
130дан ашык долбоор бар. Бул тууралуу Astana Finance days форумунда фонддун
башкарма төрагасы Нурлан Жакыпов билдирди. Анын айтымында, ири долбоорлор ар
кандай тармактарда ишке ашырылууда. Бул дүйнөлүк компаниялардын катышуусу менен
кубаттуулугу 5 гигаватт болгон ЖЭК объектилеринин курулушу, газды кайра иштетүү
комплекстери жана магистралдык түтүктөрдү ишке киргизүү, Актау жана Курык
портторун, Кытай менен чек арадагы кургак терминалдарды өнүктүрүү жана Каспий
аркылуу суу астындагы була-оптикалык тармакты тартуу демилгелери. Фонд акыркы
алты жылда эле жалпы көлөмү 27 миллиард доллардан ашык чет элдик инвестиция
тартты. Белгилей кетсек, «Самрук-Казына» SWFI версиясы боюнча дүйнөнүн эң ири
25 эгемендүү фондунун катарына кирет.
Нурлан
Жакыпов, «Самрук-Казына» АК башкарма төрагасы:
- «Самрук-Казына»
фондунун өнүгүүсү мамлекет менен дүйнөлүк инвесторлордун өнөктөштүгүнө, улуттук
артыкчылыктар менен эл аралык экспертизанын, учурдагы милдеттер менен
келечектеги мүмкүнчүлүктөрдүн айкалышына негизделет. Казакстандын стратегиялык
максаттарын мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен, биз өлкөнүн
экономикасынын туруктуу өсүшүнө салым кошууга аракет кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

