Үстүбүздөгү
жылдын 4 айында ата мекендик транспорт тармагынын көрсөткүчтөрү дээрлик 22,5%га
өстү. Бул тармак Казакстандын ички дүң өнүмүндөгү эң көп натыйжаларды көрсөттү.
Республиканын үчтүн айы-чын куран айларындагы социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, өсүш темир жол жана түтүк аркылуу
жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн аркасында ишке
ашырылууда. Жогорку көрсөткүчтөргө Түркестан, Жамбыл облустары жана Абай
облустары жетти. Серепчилердин пикири боюнча, жүк ташуунун олуттуу өсүшү
өлкөдөгү жолдордун курулушуна жана жаңы темир жол каттамдарынын ачылышына
түрткү болду.
Жанибек
Тайжанов, Транспорт министрлигинин комитет төрагасы:
- Быйыл бизде 2 жол
тапшырылат. Биринчиси - «Достук-Мойнты» багыты. Анын узундугу болжол менен 800 чакырымды
түзөт. Бул аймакта поезддердин жана жүктөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Экинчи курулуш-Алматы шаарын айланма жолу. Биз «Кызылжар-Мойынты» жаңы
участогунда курулуш иштери башталаарын айтканбыз. Бул кошумча участок.
Жалпысынан комплекстүү иш-чара, биринчиден, темир жол тармагын жаңылоого жаңы
импульс берет. Экинчиден, албетте, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков
ТЕГИ:

