Казакстан энергетика тармагына 17 триллион теңге инвестиция салууга ниеттенүүдө. Республикада 60 инвестициялык долбоордон турган пул түзүлдү, деп билдирет тармактык башкармалык. Анын багыттары энергиянын жаңы булактарын ишке киргизүүгө багытталган. Алардын ичинде газды кайра иштетүүчү заводдорду куруу долбоорлору, мунай иштетүүчү заводдорду кеңейтүү, атап айтканда, Шымкент мунай заводун 12 миллион тоннага, Павлодарда 8 миллион тоннага чейин кеңейтүү каралган. Муну менен катар кайра жанма энергия булактарын жана мунай-газ химиясын өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор да көңүл сыртында калган жок. Алардын баары энергетикалык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга, энергетикалык объектилерге инновациялык технологияларды киргизүүгө, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков