Казакстан менен Орусиянын мамлекеттер аралык мамилелеринин достук, коңшулук жана союздаштык духунда динамикалуу өнүгүүсүн өлкөнүн президенттери телефондук сүйлөшүү учурунда белгилешти. Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашырылышын баса белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

