Актауда авиа кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Актауда авиа кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Бүгүн Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекет башчысына Актауга жакын жердеги учактын кыйрашынан жүргүнчүлөр, анын ичинде казакстандыктар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Ал арада Актауга жакын жердеги авиакырсыктан жабыркаган 14 азербайжандык мекенине кайтып келди. Алар Бакуга атайын рейс менен келишти. Алардын жарымы дароо дарылоону улантуу үчүн клиникага жөнөтүлдү. Ал эми  Маңгыстау облусундагы көп тармактуу ооруканада дагы алты адам дарыланууда. Азербайжандан үчөө, Кыргызстандан дагы үчөө. Алардын төртөө реанимацияда. Жабыр таркандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, Актауда учактын кыйрашынын себебин аныктоо үчүн вице-премьер-министр жетектеген Өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Брифингдин жүрүшүндө Канат Бозумбаев республиканын мыйзамдарына ылайык Орусия менен Азербайжан криминалисттик иликтөөгө киргизилбей турганын билдирди. Расмий иликтөөнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырды.


Канат Бозумбаев, Премьер-министрдин орун басары:


- Алар бир жыйынтыкка келгенде, тергөө криминалистикалык экспертизаларды, балистиканы жана башка иштерди жүргүзүү жолу менен, андан кийин кандайдыр бир версия чыгышы мүмкүн. Расмий маалыматтар боюнча, биз эч бир өлкөдөн эч кандай версия алган жокбуз – Орусиядан да, Азербайжандан да.


Учак кырсыгынан жабыркагандардын жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлөт


Азербайжан аба жолдору жабыр тарткандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө каржылык жардам көрсөтөт. Казакстандыктар мамлекеттен бир жолку жана ай сайын колдоо алышат. Ал эми багуучусунан ажырагандар бойго жеткенге чейин ай сайын жардам алышат.


Акмади Сарбасов, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин орун басары:


- Кепилденген мамлекеттик төлөмдөргө келсек, республикалык бюджеттин линиясы боюнча тиешелүү төлөмдөр жүргүзүлөт, мен ар бир үй-бүлө боюнча айта албайм, бул жеке маалыматтар. Мисал катары айта кетсем, бир үй — бүлөгө багар-көрөрү боюнча жөлөк пул ай сайын 138 миң теңге, багар-көрөрү бойго жеткенге чейин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунун линиясы боюнча 357 миң теңге берилет, бул дагы ай сайын төлөнөт.


Бүгүн Embraer авиакомпаниясынын өкүлдөрү кырсыкты иликтөөгө катышуу үчүн Бразилиядан Актауға келишти. Жакынкы күндөрү Авиакырсыктарды иликтөө жана алдын алуу борборунун адистеринин да келиши күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков