Казакстанда жаңы кен жайы иштеп баштады

Казакстанда жаңы кен жайы иштеп баштады

Казакстанда «Рожковское» ири кен жайы пайдаланууга берилди. Премьер-министр Алихан Смаилов телекөпүрө режиминде жаратылыш газын жана конденсатын өндүрүү долбоорун ишке киргизүү аземине катышты. Кенди иштетүүнүн аркасында Казакстандын Улуттук фонду жарым триллион теңгеге, ал эми жергиликтүү бюджет 110 миллиард теңгеге толукталат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, акционерлер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кеминде 3 миллиард теңге бөлүүнү, ошондой эле, жыл сайын келишимдик милдеттенмелердин алкагында казакстандык кадрларды окутууга инвестициялар суммасынын 1 пайызын жумшоону мерчемдеп жатат.

Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
- Бул долбоор чоң стратегиялык мааниге ээ. Ал мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин жаңы газ кендерин чалгындоого жана иштетүүгө инвестиция тартуу тууралуу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жатат. 530 миллион доллардан ашык инвестиция тартып жаткан Рожковское кен жайы кошумча жаратылыш газ булагына айланат. Анда 2040-жылга чейин 14 миллиард кубометрден ашык чийки газ жана 7 миллион тонна конденсат өндүрүү көздөлүп жатат. Бул көлөм «Жайык» мунай ишканасында кайра иштетилип, натыйжада 13 миллиард кубометр товардык газ жана 2,3 миллион тонна суюлтулган газ өндүрүлөт.

Евгений Лапшин, Казакстан  жана Орусия боюнча mol group башкы мүдүрү:
- Бул долбоорду ишке ашыруу же биздин алдыбызда пайда болгон башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен башка долбоорлорду баштоо инвестициянын көлөмүн арттырып, экономикалык жактан пайдалуу долбоорлорду түзүүгө жол ачат деп ишенем. Албетте, Казакстандын экономикасына салым кошкубуз келет. Аткарыла турган иштер көп. Келерки жылы 4 скважинаны ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Андан кийин кендердин дараметин изилдөө керек. Андан кийин Рожковское кенин мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча инвестицияларды тартып, газ жана конденсат өндүрүшүнүн дараметин максималдуу түрдө кеңейтүү керек.

Планда Актөбе, Атырау жана Маңгыстау облустарында дагы бир нече газ долбоорлорун ишке киргизүү камтылган. Алардын бардыгы жылына 2 миллиард кубометрден ашык кошумча газ өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, эл аралык компаниялар менен биргеликте 12 геологиялык чалгындоо иштеринин келечектүү долбоорлору, ошондой эле, колдонуудагы  кен жайлардын кошумча чалгындоо долбоорлору бышыкталууда. Эске сала кетсек, Казакстан “Кашаган” жана “Карашыганак” кендеринде, ошондой эле, Жаңы-Өзөн шаарында жаңы газ иштетүүчү заводдорду курууга ниеттенүүдө. Жалпысынан Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин товардык газды өндүрүүнүн көлөмүн 30 миллиард кубометрге жеткирүү милдетин койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков