Казакстанда геология тармагын автоматташтырган бирдиктүү платформа түзүлөт

Казакстанда геология тармагын автоматташтырган бирдиктүү платформа түзүлөт

Казакстанда Minerals.e-qazyna.kz бирдиктүү платформасы түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттө өнөр жай жана курулуш министри билдирди. Электрондук система өлкөнүн жер казынасын пайдалануу жана геология тармагын автоматташтырат. Бул платформада инвестордун арыз берүүдөн баштап, лицензия алуусуна чейинки бүт жараян санариптештирилген. Аны иштеп чыгууда Финляндия геопорталынын модели мисалга алынды. Канат Шарлапаев буга чейин өлкөдө бул тармакка инвесторлорду тартуу үчүн интерактивдүү карта ишке киргизилгенин, 66 миңден ашуун геологиялык отчет даярдалганын белгиледи. Ата мекендик адистер бул багыттагы маалыматтарды санариптештирүү үчүн жасалма интеллект сыяктуу маалыматтарды иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуп жатышат. Жалпысынан мындай реформалар өлкөгө көбүрөөк чет элдик инвесторлорду тартууну көздөйт. Мисалы, 10го жакын эл аралык компаниялар чалгындоо иштерине 41 млрд теңге жумшашкан. Бул 25 миң чарчы чакырымдан ашык аянтты изилдөөнү камсыз кылат. Акыркы 5 жылдын ичинде эле геология тармагына 1 миллиард доллар жеке инвестиция тартылды.

Канат Шарлапаев, Өнөр жай жана курулуш министри:

- Тоо-кен тармагына инвесторлордун санын көбөйтүү үчүн Салык кодексинин жаңы долбоорунун алкагында роялти киргизүү маселеси иштелип чыгууда. Роялти жөнүндө Дүйнөлүк банк өз сунушунда белгиледи. Минералдык чийки затты сатуунун наркына негизделген роялтини киргизүү эл аралык тоо-кен компаниялары үчүн ачык-айкындуулукту жана салык салуунун ачыктыгын, түшүнүктүү механизмин камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков