Казакстандын президенти Иорданиянын падышасы Абдулла бен аль-Хусейн II менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев иорданиялык лидерге эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Иордания тынчтыкты жана стабилдүүлүктү жактаган өжөрлүгү үчүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Менин сапарымдын максаты - биздин мамилелерге, достукка жана соода-экономикалык байланыштарга кошумча дем берүү. Дүйнөдө болуп жаткан процесстерге биздин көз караштарыбыз жана баа берүүлөрүбүз бирдей деп эсептейм. Ошол эле учурда биз саясий деңгээлдеги байланыштарды чыңдоого абдан кызыкдарбыз. Бизде белгилүү идеялар бар. Жакынкы келечекте биз абдан жакшы натыйжаларга жетишебиз деп ишенем. Биз кызматташуубуздун алкагында талыкпай иштөөгө даярбыз жана Иорданияны дос мамлекет деп эсептейбиз.
Иорданиянын
Королу өз кезегинде Касым-Жомарт Токаевдин иш сапары эки тараптуу
кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса
белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары соода, инвестиция, өнөр жай, айыл
чарба, транспорт,
логистика, туризм, энергетика жана фармацевтика болду. Жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен
билдирүүсү кабыл алынды, ошондой эле беш меморандумга, макулдашууга, мекемелер аралык жана коммерциялык он документке кол коюлду.
Ошентип, «Казатомпром» менен JUMCO компаниялары
уран тармагында кызматташууну баштайт.
Нурлан Жакупов, «Самрук-Казына» АО улуттук бакубатчылык фонду башкармалыгынын төрагасы:
- Келишимдин
алкагында тараптар Иорданиядагы дараметтүү кендерди
чалгындоо жана изилдөө иштерин баштайт. Биз бүгүн Иорданиянын инвестиция
министри менен да жолугуп, кызматташуунун башка бир катар келечектүү багыттарын
талкууладык. Мисалы, бул аба транспорту, ошондой эле газ өнөр жайы.
Касым-Жомарт Токаев Иорданиянын Королуна Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – «Алтын Кыран» орденин тапшырды. Мамлекет башчысы король Абдулланын казак-иорданиялык байланыштарды чыңдоого кошкон жеке чоң салымын белгиледи.
Ал эми кийинчерээк расмий иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Иордания музейине барды. Касым-Жомарт Токаевге анын жаралуу тарыхы тууралуу айтылды. Ошондой эле, мамлекет башчысы көргөзмө залдарын, сейрек кездешүүчү артефакттарды жана экспонаттарды көрүп чыкты. Соңунда Казакстандын Президенти ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

