Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, кара алтындын болжолдонгон өндүрүшү 2022-жылга салыштырмалуу 7%га көп. Ошол эле учурда Батыш Казакстан жана Атырау облустарында – 9%га жана Маңгыстау облусунда – 7%га өсүш күтүлүүдө. Ал эми газ өндүрүүгө келсек, быйылкы жылы өндүрүш 53,5 миллиард чарчы метрди түзөт, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1%га жогору. Эң чоң үлүш Атырау жана Батыш Казакстан облустарына туура келет. Белгилей кетсек, Казакстан менен Кытай мунай жана газ кендерин чалгындоо жана иштетүү, куурларды жеткирүү жана мунайды кайра иштетүү жаатында кызматташууга ниеттенүүдө. Биргелешкен ишкана беш участокто: Жаркын, Болашак, Түндүк Өзен, Березовский, Мугоджары участкаларында жер казынасын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары, өлкөлөр Кеңкыяк-Атырау жана Кеңкыяк-Кумкөл мунай түтүктөрүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү долбоорун изилдөөнү пландаштырууда. Ошондой эле ресурстук база, сатуу рыногу жана Шымкент мунай иштетүүчү заводунда өндүрүштү көбөйтүүнүн бизнес моделдери талданат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков