Өлкөнүн баш калаасы улам барган сайын жашоочулар үчүн ыңгайлуу болуп бара жатат. Мегаполистин урбанистикасын өнүктүрүүдө базалык инфратүзүм абдан маанилүү. Айтсак, Нур-Султанда жаштар бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн жаңы орун - «NS street life» көчө спортунун колизейи пайда болду.
Елнар Базыкен, Нур-Султан шаарынын урбанистика борборунун жетекчиси
- Бул аянт так ошол көчө спортун жайылтышы керек. Биз аны кызыктуу болуш үчүн ачык, кооз кылып түздүк. Биздин шаарда баскетболчулар, паркурчулар коомдору бар. Алар өздөрүнүн машыгууларын ушул аянтта өткөрүшү үчүн бул жакка тартып жатабыз. Жалпысынан аянт дайыма ачык болот. Ким кааласа келип ойной алат. Кызыктар жамааттар дагы кесипкөй мелдештерин акысыз өткөрө алышат.
Жансара Хомицкая колизейге жакын жашайт. Ал бул жакка эки жаштагы кызы менен келет, аны кичинекей кезинен спортко кызыктырууну ойлоп жатат. Бүгүн ал бул аянтка Алматыдан келген стретчинг боюнча машыктыруучу курбусун алып келди. Кыздар керилип-чоюлуу боюнча сабак өтүштү, алар мындай сабактар үчүн аянттын төшөлгөсүн жогору баалашты.
Жансара Хомицкая, Нур-Султан шаарынын тургуну:
- Мен бул аянтта бардык бош убактымды кызым менен өткөрөм, топ ойноп, баарлашып, маданиятка үйрөнүүнү ойлоп жатам жана кызыгам. Бул жер абдан ыңгайлуу, кызыктуу. Качан келсең да жаштар чогулуп турган болот. Башка бир жерде отургандан көрө бул жак спорт үчүн абдан сонун жай болуп саналат.
Аянтта баскетбол, кичи футбол ойногонго, бокс же гимнастика менен машыгууга болот. Аренага бир учурда 600 киши батат. Башкача айтканда, мында чоң мелдештерди же бий сынактарын өткөргөнгө болот. Экинчи кабаттагы бастырма жабуулар көрүүчүлөргө бардык аба-ырайында сүйүктүү спортчусуна күйөрмандык кылууга мүмкүндүк берет. Жакында жанаша жерге скейт-аянт да ачылат. Эгерде Колизей өзүн жакшы жагынан көрсөтсө, мындай спорттук борборлор шаардын башка райондорунда дагы ачылат.