Түркестандык чебер жыгачтан өзгөчө буюмдарды жасайт

Түркестандык чебер жыгачтан өзгөчө буюмдарды жасайт

Түркестандык чебер жыгачтан этникалык стилде уникалдуу буюмдарды жасайт. Гаухарбек Күнкожаевдин чыгармалары өзүнүн кооздугу менен эле эмес, мааниси жагынан да өзгөчө. Ар биринин тарыхы, философиялык маанилери бар. Чебердин 3 жыл бою иштеп чыккан «Мекен – Эне» композициясы мунун айкын далили.

Бул жерде эне. Негизи эненин образы. Андан кийин аны колунан жетелеп бара жаткан, «Бейиш эненин таманынын астында» - дейт эмеспи. Бул Меккеге алып бара жаткан сапардын көрүнүштөрү.

Чебер бош убактысынын баарын ушул өнөргө арнайт. Чыгармачылык эргүүдөн жаралган уникалдуу буюмдарга суроо-талап бар - дейт Гаухарбек. Жыгачтан жасалган буюмдардын ар бири чыныгы эксклюзив болуп эсептелет.

Гаухарбек Күнкожаев, кол өнөр чебери:

- Чыгармачылыкта болгондон кийин эң негизгиси жумушуң менен алектенишиң керек. Бардык ой-санааңды ага багыттоо зарыл. Бир жагынан жеп-ичүү керек дегендей, үй-бүлөнү камсыз кылыш да керек. Бул жагынан алганда үлгүрө албай каласың. Жумуш калып кеткен  сыяктуу болот. Аны үзгүлтүккө учураткың келбейт.

Чебердин уулдары да бул өнөрдү өздөштүргөн. Атасына жардам берип, өздөрү үчүн чеберчиликти өркүндөтүшөт.

Ынтымак Баянбай, чебер:

- Азырынча мындай иштерди жасап жатам. Ал тез даяр болот. Өтүмү да жакшы. Мындан көбүрөөк өндүрүү максатында жасалууда. Сатабыз, буйрутмалар көп келет деген сыяктуу.

Жакында эле чебердин үй-бүлөсү өздөрүнүн жеке китебин чыгарды. Анда Күнкожаевдин негизги эмгектери тууралуу жазылган. Бул китепте кол өнөрчүлүктүн сүрөттөрүнөн тышкары, аларды поэзияда сүрөттөгөн автордун жазуулары да кездешет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков