Маңгыстауда 2024-2026-жылдары жаңы энергия булактары ишке кошулат

Маңгыстауда 2024-2026-жылдары жаңы энергия булактары ишке кошулат

Маңгыстау облусунда 500 кВ электр бөлүштүрүүчү тармакты куруу көздөлүп жатат. Бул аркылуу Батыш региондун энергия булактары Казакстандын бирдиктүү энергетикалык системасы менен бириктирилет. Өкмөттө облусту туруктуу энергия менен камсыздоо маселелери каралды. Ошондой эле бул аймакта жаңы муундагы долбоорлорду ишке киргизүү каралууда. Бул багытта керектөөнүн болжолдонуп жаткан өсүшүн эске алуу менен бир катар узак мөөнөттүү чаралар иштелип чыкты. Ошону менен бирге газдын жана энергиянын кайра жанма булактарынын негизинде гибриддик станцияларды куруу каралып жатат. Жаңы альтернативдик энергия булактары менен катар иштеп жаткан станциялар модернизацияланат. План толук аткарылса, Маңгыстау атом электр станциясынын энергоблоктору ажыратылса да, дефицит Урал-Атырау-Маңгыстау транзити аркылуу өтөт. Башкача айтканда, керектөөчүлөр кубаттуулук менен чектөөсүз камсыздалат.  Премьер-министр 2024-2026-жылдары пландалган долбоорлорду ишке ашырууну талап кылды. Буга чейин алардын мөөнөтү 2027-2028-жылдар деп белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков