Илим менен бизнестин интеграциясы

Илим менен бизнестин интеграциясы

Борбордо илим-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын 15 долбоору тартууланды. Билим берүү жана илим министрлиги, Илим фонду жана «Атамекен» Улуттук палатасынын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага окумуштуулар гана эмес, потенциалдуу инвесторлор да чогулду. Ата мекендик иштеп чыгуучулар кандай долбоорлорду коммерциялаштырууну көздөп жатышат? Кесиптештерим билип көрүштү.
Бул долбоордун изилдөө иштери 2007-жылы Жаңы Зеландияда башталган. Бирок илимпоз Прашант Джамвал өз идеясын Казакстанда Назарбаев университетинин студенттери менен биргеликте ишке ашыра алган. Алардын долбоору нейрондук интерфейс программасы. Ал ой башкарылуучу экзоскелетти колдонууну камтыйт. Бир сөз менен айтканда, аппарат мээнин сигналдарын окуп, инсультка кабылган бейтаптарды реабилитациядан өтүүгө жардам берет.

Прашант Джамвал, Назарбаев Университетинин профессору;

Чет өлкөдө иштеп жаткан башка аналогдорго салыштырмалуу биз сунуштаган иштеп чыгуу арзаныраак. Механизми өркүндөтүлгөндүктөн анын салмагы да жеңил, биз аны Казакстандын рыногуна киргизүүгө аракет кылып жатабыз, анткени клиникаларда суроо-талап бар, баалар өсүп жатат, карылыктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Ошондуктан биз Назарбаев университетинин базасында ушундай өнүгүүнү сунуштайбыз. Бул жерден бизнес өнөктөштөрдү жана пикирлеш адамдарды тапкыбыз келет.

Бул жерге илимдин башка өкүлдөрү да бизнес өнөктөштөрдү табуу үчүн келишкен. Алардын сунуштары түрдүү тармактарды камтыйт: медицина, айыл чарба жана IT. Алардын ар биринин милдети потенциалдуу инвесторлорго алардын илимий өнүгүүсүнүн коммерциялык баалуулугун жеткирүү.

Курмангазы Омаров, «Илим фонду» АКнын Инвестициялар жана жаңы долбоорлор департаментинин мүдүрү:

Биз уккан 50 долбоордун ичинен ушул 15 долбоорду тандап алдык, башкача айтканда, биз аяк оона айынан бери онлайн-питчтерди өткөрүп жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Анда бизнес-тренерлерди тартуу менен биздин критерийлер боюнча тандалып алынган долбоорлорду тандап баштадык. Коммерциялык жагымдуулуктун критерийлерине ылайык, бизнес-тренерлерибизди бизнес-моделди иштеп чыгууда, финансылык моделди эсептөөдө, маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүдө окумуштууларга жардам берүү үчүн тарттык.

Айтмакчы, окумуштуулар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үч жүз миллион теңгеге чейин ала алышат. Илимий иштеп чыгууларды гранттык каржылоого сынак жакын арада башталат. Бул жолу жалпы бюджет 17 миллиард теңгеден ашат. Ошентип, окумуштуулардын 100гө жакын долбоору колдоо ала алат. Бирок, бул жылы сынактын жаңы шарты бар - долбоордун жалпы наркынын 20%дан кем эмес өлчөмдө бизнес-өнөктөштөн биргелешип каржылоонун болушу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков