Түркестан жаңы макамга ээ болот

Түркестан жаңы макамга ээ болот

Түркестанга өзгөчө макам берүү пландалып жатат. Тиешелүү мыйзам долбооруна кеңеш берүүчү документ ачык өкмөт порталында жарыяланды. Ага ылайык, шаар өлкөнүн руханий жана тарыхый борбору катары мамлекеттик мааниге ээ болот. Тарыхый жана маданий мурас объекттерин сактоого артыкчылык берилет. Мындан тышкары Түркестан облусунун административдик борборунда туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү көздөлүүдө. Маалыматка ылайык, бул тармак шаардын экономикасынын кыймылдаткычтарынын бири. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Тактап айтканда, шаарды өнүктүрүү, анын тарыхый көрүнүшүн сактоо жана өнүктүрүү долбоорлоруна мамлекеттик колдоо көрсөтүү саясатынын негизги багыттарын аныктоо. Башка жаңычылдыктар менен катар шаардын жана облустун маслихаттары, акимдиктери коммуналдык чарба, транспорт инфраструктурасы, архитектура жана шаар куруу, соода жана тейлөө маселелерин өз алдынча жөнгө салуу укугуна ээ болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков