Казакстанда газ тармагында жасалма интеллект агенти ишке кошулат

Казакстанда газ тармагында жасалма интеллект агенти ишке кошулат

Казакстанда газ тармагындагы процедураларды тездетүү үчүн акылдуу жардамчы түзүлөт. Жасалма интеллект агенти көгүлтүр отунга кошулууга арыз берүүгө жардам берет. Система бул процесстеги каталарды 30%дан 5%ке чейин кыскартат деп күтүлүүдө. Долбоорду 2025-2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Кошумча 2 миллиондон ашык казакстандыктарды камтыйт. Өкмөттө газ тармагын санариптештирүүгө багытталган ушул жана башка жаңы демилгелер тааныштырылды. Өлкөдөгү жасалма интеллект юридикалык жактарга техникалык шарттарды берүү боюнча чечимдерди кабыл алууда да колдонулат. Бүгүнкү күндө бул иш онлайн жеткиликтүү. Келишимдердин жарымына жакыны гана аралыктан берилет. Анын үлүшүн 100%га жеткирүү пландалууда. Бул кызмат eGOV мобилдик телефонуна бириктирилген. Натыйжада арыз берүү убактысы 2 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскарды. Жалпысынан тармакты санариптештирүүгө келтирүү үчүн «Astana Hub» 14 жаңы долбоорду ишке ашырууда. Анын ичинде виртуалдык кен жайларынын тренажерлору, компрессордук башкаруу системалары, санариптик эгиздер, учкучсуз учуучу аппараттары жана бизнес процесстерин автоматташтыруу платформалары бар.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Жаратылыш газынын аныкталган көлөмү болжол менен 4 триллион куб метрди түзөт. Бирок аны өнүктүрүү системалуу мамилени жана жаңы инвестицияларды, заманбап инфраструктура менен узак мөөнөттүү стратегияны талап кылат. Газды керектөөнүн эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик чечимдерди ишке ашыруу зарыл. Бул чыгымдарды азайтып, системанын ачык-айкындуулугун жана башкарылышын жогорулатат. Ошондуктан, «QazaqGaz» ишканасына Энергетика министрлиги менен биргеликте 2026-жылдын баш оона айынын 1не чейин товардык газды өндүрүүдөн керектөө чынжырында санариптик эсепке алууну камсыз кылууну тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков