Астана
эл аралык форумунун алкагында Президент Ооганстандын өнөр жай жана соода
министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизини кабыл алды. Жолугушууда
кызматташуунун келечеги талкууланды. Өлкөдө айыл чарба өнүмдөрүнүн жана химиялык өнөр жай
товарларынын экспортун көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Нуриддин Азизи
Казакстанга Ооган темасын эл аралык уюмдарда ырааттуу жайылтып, гуманитардык
жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент
Googleдун Борбордук
жана Чыгыш Европа боюнча вице-президенти Патрик Ворнкинг менен жолугушууда
компаниянын өлкөдөгү санариптик трансформацияга кошкон олуттуу салымын
белгиледи. Мамлекет башчысы Казакстан Евразияда санариптик хаб болуу үчүн
стратегиялык максат койгонун баса белгиледи. Патрик Ворнкинг өлкөнүн санариптик
чөйрөдөгү ийгилигин жогору баалады.
Казакстандын
жетишкендиктерин Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы мүдүрү Дарен Танг да белгиледи.
Өткөн жылы мамлекет глобалдык
инновациялардын рейтингинде позициясын жакшыртты. Касым-Жомарт Токаевдин
айтымында, учурда республикада интеллектуалдык менчик компоненти менен Улуттук
инновациялык стратегияны иштеп чыгуу долбоору ишке кошулду.
Өлкө башчысы Европа Кеңешинин Башкы катчысы Ален Берсе
менен Казакстан жана Европа Кеңешинин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты
чыңдоонун келечегин талкуулады. Мамлекет башчысы өлкөнүн Европа уюму менен өз
ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун ырастады. Президент
адилеттүү Казакстанды түзүүгө багытталган саясий реформалардын масштабдуу
программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы мүдүрү Цюй Дунъюй менен да жолугушту.
Өлкө аталган уюмдун бюросу менен тыгыз өнөктөштүк түзүп, 27 долбоорду
ийгиликтүү ишке ашырды. Дагы 14 долбоор колго алынууда. Алар жаратылыш
ресурстарын башкарууга жана туруктуу аквамаданиятты өнүктүрүүгө басым жасашат.
Цюй Дунъюй белгилегендей, Казакстан глобалдык азык-түлүк коопсуздугун
камсыздоодо жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

