Казакстанда газ өндүрүүгө 8 млрд долларга жакын инвестиция жумшалат

Казакстанда газ өндүрүүгө 8 млрд долларга жакын инвестиция жумшалат

Казакстанда ири тыгыз газ кени болгон «Созактын» чалгындоо иштери башталат. Ал Кызылорда облусунда жайгашкан. Бул жерден триллион куб метрге чейинки салттуу эмес газды өндүрүү көздөлүүдө. Жаңы долбоорго 7,5 миллиард доллардан ашык чет элдик инвестиция салынды. Аны Кытайдын Geo Jade Petroleum Corporation эл аралык энергетикалык компаниясы ишке ашырат. Газды ички рынокко жеткирүү жана газ химиясын өнүктүрүү үчүн пайдалануу мерчемделүүдө. Долбоор 2045-жылга чейин эсептелген жана бюджетке беш миллиард долларга чейин киреше алып келет. Инвестор технологиялар менен бөлүшүүгө, жергиликтүү кадрларды окутууга, Казакстандан товарларды жана кызматтарды сатып алууга милдеттендирилди. Белгилей кетсек, Кытай компаниясы Казакстандагы ири энергетикалык долбоорлорго буга чейин үч миллиард доллардан ашык инвестиция салган.


Султангали Кинжакулов, «Kazakh Invest» Улуттук компаниясы ААК башкарма төрагасы:


- Биз үчүн, Казакстан үчүн, биздин компания үчүн бул абдан маанилүү энергетикалык долбоор болуп саналат. Бул Казакстан үчүн жаңы багыт, анткени аны алуу кыйын жана андан салттуу эмес газ өндүрүлөт. Казакстанда бүгүнкү күндө мындай технологиялар жок. Жалпысынан дүйнөдө лидерлер болуп - Америка Кошмо Штаттары жана Кытай гана саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков