Казакстанда эгин аянттары 24 миллион гектарга чейин көбөйтүлөт

Казакстанда эгин аянттары 24 миллион гектарга чейин көбөйтүлөт

Казакстанда айдоо иштерине даярдык күч алды. Жазгы талаа иштерине эрте кам көргөн түштүк аймактар бүгүнкү күндө дан эгүүгө киришти. Жалпысынан быйыл өлкө боюнча 24 млн гектарга жакын жерге үрөн себилет. Анын ичинде 12 млн гектары буудайдын үлүшүнө туура келет. Аянттарды ар тараптандыруу уланууда. Мисалы, жүгөрү жылдагыдан бир аз көбүрөөк эгилет. Ал эми сууну көп талап кылган күрүч аянты тескерисинче кыскарат. Башкача айтканда, былтыркыга салыштырмалуу 20 миң гектарга аз. Адаттагыдай эле, бул мезгилде дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатат. Ушул багытта дыйкандарга дизель майы базардагы баадан 15% арзан берилүүдө. Быйыл «Кең дала» программасынын алкагында 750 млрд теңге каралган. Каржылоого ушул тапта  3 миңден ашык чарбалык жетишилген.

Ерсайын Досымбетов, айыл чарба министрлигинин башкарма башчысы:

– 2025-жылдын тогуздун айынан баштап, насыя берүү башталды. Дыйкандарга үрөн алуу техникасын сатып алуу иштерин жүргүзүүгө дыйкандарга эртерээк бөлүштүрүлдү. Бул өндүрүмдүүлүккө да, өз убагында жумушту баштоого да өз жардамын тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков