Казакстан эл аралык «Жер сааты»
акциясын кайрадан колдоду. Бул жылы ал жалган куран айынын 28де өттү. Саат 20:30дан
21:30га чейин бүткүл өлкө боюнча жүздөгөн имараттардын жана объектилердин
архитектуралык жарыктандыруусу өчүрүлдү. Астанада акцияны 50дөн ашык уюм
колдоду. Президенттин резиденциясы – Акорда глобалдык демилгеге тилектештик
иретинде сырткы жарыктандырууну өчүрдү. Көз карандысыздык сарайы, Байтерек
монументи, ири спорттук, билим берүү жана өнөр жай объектилери толугу менен
караңгылыкка чөмүлдү. Бул маанилүү архитектуралык комплекстин жанына активисттер,
коноктор жана шаардын тургундары, анын ичинде «Жердин элчилери» кыймылынын
өкүлдөрү чогулушту. Акциянын катышуучулары бул убакыт заманбап гаджеттерди
колдонбостон, жандуу баарлашуудан ырахат алууга сонун мүмкүнчүлүк экенин баса
белгилешти. Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун колдоосу
астында өткөрүлүүчү жыл сайын өтүүчү эл аралык экологиялык «Жер сааты»
акциясына Казакстан 17-жолу кошулду.
Жания Надыр, «Жер элчилери»
жаштардын экологиялык кыймылынын активисти:
– Мен Казакстандын жаранымын, мен
экология үчүн, Казакстандын келечеги үчүн күйөм. Ошондуктан мен бардык
адамдарды бул акцияга катышууга чакырам. Мунун баары абдан маанилүү, анткени
бул биздин келечегибиз. Бул бизден кийин кала турган нерсе. Ошондуктан аны
сактоо маанилүү.
Алан Бесен, «Туруктуу өнүгүү» жер
фондунун төрагасы:
– Жаңы Конституцияда экологияга, айлана-чөйрөнү коргоого басым жасалган. Ал эми биз «Жердин элчилери» кыймылы катары мамлекетибиздин багытын ар тараптан колдойбуз. Ошондой эле «Таза Казакстан» программасын камтып, быйыл «Жер саатынын» алкагында дарактарды отургузабыз. Шаардык акимиат бизге 10го жакын мектеп бөлүп берди, алардын аймактарына «Жер саатынын» демилгеси менен активдүү түрдө дарактарды отургузабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

