Казакстандагы саясий өзгөрүүлөрдү чет элдик серепчилер
дыкат көзөмөлдөп келишет. Азербайжандык саясат таануучу Ризван Гусейнов жаңы
Конституциянын долбоорунун башкы жаңылыгы - бир палаталуу Курултайдын
киргизилиши деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай модель чечим кабыл алуу
процессин тездетип ийкемдүү кылат. Талдоочу алдыдагы референдумдун
маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар, акимчиликтер
мыйзам чыгаруу процессине жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө активдүү
катыша алаарына токтолду. Анын айтымында, бул жаштар арасында да коомдук-саясий
активдүүлүк деңгээлин арттырат.
Ризван Гусейнов, Кавказ тарыхы
борборунун мүдүрү, Юнесконун профессору, Азербайжан/
– Казакстандагы өзгөрүүлөр ички саясий кырдаал, Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар менен гана эмес, глобалдык процесстер менен да байланыштуу. Себеби, Казакстан глобалдык күн тартибинен, дүйнөдө болуп жаткан коркунучтардан алыс боло албайт. Ошондуктан мен референдумдун максаты бийлик бутактарын чыңдоо, аларды өзгөрүп жаткан дүйнөдө мүмкүн болушунча ыңгайлаштыруу деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

