Өзбекстандын
Улуттук инвестициялык фонду Лондон фондулук биржасында соодасын баштады. Бул
өлкө үчүн биринчи эл аралык IPO болуп саналат. Фонддун портфелине энергетика,
банк жана телекоммуникация тармактарында, авиацияда иштеген 13 мамлекеттик
компаниянын акциялары кирет. Серепчилердин
айтымында, бул каржы аянтчасына чыгуу уюмдун ачык-айкындуулук, корпоративдик
башкаруунун эффективдүүлүгү жана инвесторлор менен иштөө талаптарына жооп
берерин билдирет. Белгилей кетсек, акциялардын бир бөлүгү Ташкент фондулук
биржасында да жайгаштырылган. Жалпысынан IPOнун жүрүшүндө 600 миллион доллардан
ашык каражат тартылды.
Мариус
Дан,
Борбор Азия боюнча инвестициялык компаниянын башкы мүдүрү жана компаниянын
Ташкенттеги кеңсесинин жетекчиси:
–
Менин оюмча, Өзбекстандын Улуттук инвестициялык фондунун IPOго чыгышы
инвесторлордун өлкөгө болгон кызыгуусунун жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Бул
акциялардын биринчи эл аралык жайгаштырылышы болду. Менимче, бул экономикалык
реформалардын ийгиликтүү болгонун жана инвестициялык коомчулуктун республиканын
келечегине болгон ишениминин жогорку деңгээлин тастыктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

