Казакстанда газ иштетүү заводдору салынат

Казакстанда газ иштетүү заводдору салынат

Карашыганак менен Кашаган кендеринде газ иштетүүчү заводдор курулат. Алар жылына 4 миллиард жана 2,5 миллиард кубометр көгүлтүр отунду кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Өлкөнүн Премьер-министри Shell компаниясынын чалгындоо жана өндүрүш бөлүмүнүн башчысы менен мунай жана газ долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бүгүнкү күндө аталган компания Казакстандагы Каспий түтүк Консорциумунун, Түндүк Каспий долбоорлоруна катышууда. Мындан тышкары, кышкы дизелдик отун өндүрүү боюнча мунай-химиялык заводдун орнотулушун жаңылоо, геологиялык чалгындоо жана жер казынасын илимий изилдөө иштерин жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков