К.Токаев Борбор калаадагы билим берүү жана спорт объектилерине барды

К.Токаев Борбор калаадагы билим берүү жана спорт объектилерине барды

Казакстандын Президенти Астанадагы билим берүү жана спорт объектилерине барды. Касым-Жомарт Токаев Tanym көп функционалдуу комплексинде окуу класстарын, хореографиялык залды, коворкинг-борборду, бассейнин, чеберканалар менен искусство студиясын жана спорт залды көрүп чыкты. 750 балага кызмат көрсөткөн бул борбор жаштардын талантын өркүндөтүп, чыгармачылык дараметин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Комплексте 100дөн ашык жогорку квалификациялуу педагог иштейт.

Мамлекет башчысы New Generation School Astana билим берүү мекемесинин окуу-тарбия иштери жана спорттук инфраструктурасы менен таанышты. Аталган мектеп жаратылыш таануу-математика жана социалдык-гуманитардык багыттарда билим берет. Айрыкча, математика жана англис тилин тереңдетип окутууга басым жасалат. Сапаттуу билим жана тарбия ишин уюштурууга керектүү бардык шарттар бар. Өзгөчө билим алууга муктаж балдарга ыңгайлуу чөйрө каралган.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Инклюзивдүү спорт борборун көрүп чыкты. Бул өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук, медициналык, реабилитациялык жана билим берүү инфраструктурасын бириктирген алгачкы комплекс. Бул жерде спорттун 12 адаптацияланган түрү боюнча машыгуулар өткөрүлүп, адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков