Казакстанда Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун штаб-кеңсеси ачылат

Казакстанда Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун штаб-кеңсеси ачылат

Астанада Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду өзүнүн штаб-кеңсесин ачат. Тиешелүү протоколду Казакстан парламентинин Сенаты ратификациялады. Фонд катышуучу мамлекеттердин экономикалык жана каржылык туруктуулугуна көмөктөшүүнү көздөйт. Алар Казакстандан тышкары Орусия, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Беларусь. Негизги өлкөлөр Казакстан менен Орусия. Жалпы салым 8 млрд долларды түзөт. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн улуттук валюталарды колдонуу пландалууда.

Сергей Карплюк, Парламент Сенатынын депутаты:

- Штаб-кеңсени түзүү фонддун эсебинен жүргүзүлөт. Казакстандын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоо талап кылынбайт. Протокол менен фондду уюштуруу тууралуу келишимге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет. Бүгүнкү күндө алардын миссияларынын айырмасынан улам фонддун каражаттарын башкаруучу болуп саналган Евразия өнүктүрүү банкынан бөлүү максатында. Фондду өз алдынча эл аралык укук субъектисине айландыруу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков