Регионалдык экологиялык саммиттин катышуучулары бүгүн «Жашыл жана туруктуу технологиялардын» эл аралык көргөзмөсүнө барышты. Мамлекет башчыларына жана чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын павильондору тааныштырылды. Алар жашыл энергетика, жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча улуттук артыкчылыктарды чагылдырат. Экспозициялар экосистемалардын туруктуулугун сактоо, экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы чечимдерди киргизүү боюнча өлкөлөрдүн мамилелерин көрсөтөт. Мындан тышкары, жогорку даражалуу конокторго практикалык экодолбоорлор көрсөтүлдү. Бул аймактагы компаниялардын кайра жанма энергия жана экологиялык чөйрөнү түзүү тармагындагы өнөр жай иштелип чыккан долбоорлору. Белгилей кетсек, көргөзмө 30 өлкөдөн 240тан ашуун катышуучуну бириктирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

