Бул тууралуу өкмөт башчы менен Эл аралык фонддун Казакстандагы миссиясынын жетекчисинин жолугушуусунда айтылды. Алихан Смаилов Казакстан менен фонддун кызматташтыгын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга болоруна ишеним билдирди. Өкмөт башчы тышкы чакырыктарга карабастан Казакстандын экономикасы оң өсүш темпин сактап жатканын айтты. Анын ичинде үчтүн айы-чын куран айларында өсүш 5%ды түздү. Иш-чаралардын комплексин ишке ашыруунун эсебинен 2030-жылга чейин Улуттук фонддун валюталык активдерин 100 миллиард долларга жеткирүү мерчемделип жатканын өкмөт башчы кошумчалады. Өз кезегинде Николай Бланш Казакстан экономикалык саясатты, анын ичинде бюджет жана каржы тармагын бекемдөөдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Ошол эле учурда Эл аралык валюта фонду Казакстанга өнүгүү реформасын ишке ашырууда мындан ары да колдоо көрсөтүүнү көздөп жатканын жеткизди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков