БУУнун 80 жылдыгы жана мультиреализмдин келечеги Астанадагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланды

БУУнун 80 жылдыгы жана мультиреализмдин келечеги Астанадагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланды

Өзөктүк куралсыздануу, аймактык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү. Казакстандын БУУ ишмердүүлүгүндө негизги орунду ээлеген демилгелери Астанада талкууланды. Президенттик борбордо уюмдун 80 жылдык мааракесине жана өлкөнүн уюмга кирген күнүнө арналган панелдик талкуу өттү. Эскерте кетсек, Казакстан 1992-жылы БУУнун мүчөсү болгон. Иш-чаранын катышуучулары республиканын глобалдык тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын жана эл аралык жараяндарда уюмдун ролун талкуулашты. Дипломат, саясат таануучу, окумуштуулар климаттын өзгөрүшү жана глобалдык коопсуздук сыяктуу актуалдуу чакырыктарды чечүү үчүн эл аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Катышуучулар республика менен БУУнун мындан аркы өз ара аракеттешүүсүнүн келечегине кеңири токтолушту.


Акан Рахметуллин, Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары:


- Албетте, Казакстан саясий жана экономикалык архитектурасы өнүккөн өлкө. Бирок, ошол эле учурда БУУнун алкагында топтолгон тажрыйбаны бул жерге алып келип колдонуу биз үчүн абдан маанилүү. Мындай кызматташуу Казакстандын ийгиликтүү өнүгүүсүн кызмат кылат. Өлкөбүздүн аймагында өзөктүк куралды жок кылуу, өзөктүк инфраструктураны жок кылуу демилгелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, акыркы демилгелердин бири, биз азыр Алматыда Борбордук Азия жана Ооганстан өлкөлөрү үчүн БУУнун бардык түзүмдөрүн бириктирип, аймактагы айрым долбоорлорду ишке ашырууга синергетика, макулдашылган аракеттерди алып келе турган туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык борбор ачуунун үстүндө иштеп жатабыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков