Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, бюллетендер ар кандай түстө болот. Алардын көлөмү да өзгөрдү.
Нурлан Адбиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
- Биз бюллетендердин көлөмүн өзгөртөбүз. Ал үчүн эксперимент жасап көрдүк. Эгер адаттагы А4 кагазынын ордуна А5 кагазын колдонсок, анда бюллетень жакшыраак окулат. Шайлоо бюллетенинде партиялык тизме боюнча 7 сап болот. Ал эми 8-позиция бардык талапкерлерге каршы добуш берүү үчүн сап болуп саналат. Бир мандаттуу округдарга келе турган болсок, 16 талапкердин аты-жөнү эркин ачык көрүнүп турат. Шайлоо участкаларында көрүүсү начар адамдар үчүн атайын орундар берилет. Депутаттыкка талапкерлердин саны 16 адамдан ашса, анда шайлоо бюллетенинин өлчөмү көбөйөт.
Ошол эле учурда шайлоо участкаларында көрүүсү начар жарандар үчүн атайын жайлар каралып, анда кошумча жарык берүүчү приборлор орнотулуп, чоңойткуч айнектер даярдалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков