Казакстанга 2024-жылдын алгачкы 6 айында өткөн жылдын
ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көп электр унаалары импорттолду.
Тагыраак айтсак, былтыр өлкөгө 3016 темир тулпар кирсе, быйыл 3895 унаа
катталган. Мындай «жашыл технологияларга» негизделген унаалар өзүнөн өзү
күйүүчү кыймылдаткычы бар унааларга караганда эффективдүү, дешет адистер. 2023-жылдан
тарта өлкөгө электромобилдерди киргизүү бажы жана импорттук салыктардан
бошотулган. Ага нөлдүк чен макамы берилгендиктен, коммуналдык салык төлөнбөйт.
Ал эми жеке адам жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарда чет өлкөдөн Казакстанга бир гана
электромобил алып келе алат. Болгону мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн акча төлөө
керек.
Ербол Арынов, каржы министрлиги мамлекеттик кирешелер комитетинин бажы департаментинин мүдүрү:
- Бүгүнкү күндө өлкөгө электромобилдерди жөнөкөйлөтүлгөн түрдө киргизүүнүн
бир нече жолу бар. Алсак, бажы декларациясы боюнча 6 айда 3590 транспорт
киргизилди. Мындан тышкары Казакстанга унааларды ташып келүү жолдору бар.
Эгерде сиздин импорттоочуңуз Казакстандын жараны болсо, ал жөн гана товардын
декларациясы боюнча кирет. Ал убакта 15% КНС салыгы алынбайт. Болгону 12 пайызы
төлөнөт. Ал эми андан ары сатуу үчүн алып келсе, 15% КНС салыгын төлөөгө туура
келет.
Мындан тышкары, электрондук темир тулпарлардын ээлери башка артыкчылыктарга ээ. Алардын баары президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө көрсөтүлгөн. Маселен, электромобилдин ээлери аяк оона айынын 18нен тарта унаа токтотуучу жайга акча төлөбөйт. Мындан тышкары унаа токтотуучу жайга кубаттоочу жайларды орнотууга уруксат берилди. Бул чаралардын баары, адистердин айтымында, өлкөдө электромобилдердин көбөйүшүнө чоң түрткү берет.
Ербол Арынов, каржы министрлиги
мамлекеттик кирешелер комитетинин бажы департаментинин мүдүрү:
- Мындай электрондук кыймылдаткычтуу унааларды өлкөбүзгө киргизүү процесси күч алганын көрүп жатабыз. Ошондуктан элдин темир тулпарга болгон каалоосу да өзгөрдү. Мындан тышкары, электромобилдерди чыгарган бренддердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Жакынкы келечекте көпчүлүгү бензин менен жүрүүчү унааларды чыгаруудан баш тартышат. Бул тенденция келечекте дагы күчөй берет. Өз кезегинде айлана-чөйрөнү коргоо жагынан жакшы процесс.
Белгилей кетсек, тармактык башкармалыктын маалыматы
боюнча Казакстанда электрондук кубаттоочу станциялардын саны 350гө жеткен.
Жакынкы аралыкта дагы 200 даана орнотуу пландалууда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков