Акыркы үч жылда бул багыттар боюнча 59 миңден ашык казакстандык бизнес долбоорлор мамлекеттик колдоо чаралары менен камтылды. Анын ичинде 28 миң долбоордун пайыздык чендери 1,5 триллион теңгеге субсидияланган. Алардын ичинен орто бизнестин жалпы суммасы 406 миллиард теңгеге 2,5 миңден ашык долбоору колдоого алынды. Мындан тышкары 12 миң ата мекендик субъекттерге 487 миллиард теңге жеңилдик менен каржылоо сунушталды. Анда 167 орто бизнес өкүлдөрүнүн жаңы демилгелери 102 миллиард теңгеге колдоого алынды. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы батыш облустарынын ишкерлери менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушууда балык тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул негизинен жабдууларды жаңылоого, инфраструктураны модернизациялоого, алдыңкы стандарттарды киргизүүгө жана өнүмдөрдүн экспортун көбөйтүүгө байланыштуу. Ошондой эле мунай жана газ унааларын жасоо, импортту алмаштыруу, мунай сервисин колдоо, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, салык сыяктуу башка бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Фармацевтикалык өнүмдү өндүрүүнү көбөйтүү жана жер казынасын пайдалануучулардын сатып алууларына, ата мекендик компаниялардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жагы да көңүл сыртында калган жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков