Казакстан кеме кураштырууну баштайт

Казакстан кеме кураштырууну баштайт

Казакстанда кеме куруучу завод пайда болушу мүмкүн. Азыр долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлиги билдирди. Кеме верфин Каспий деңизинин жээгинде куруу пландалууда. Белгилей кетсек, бул жерде Актау портунда контейнердик хаб куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу уланууда. Анын болжолдуу кубаттуулугу 20 фут 300 миң контейнерге барабар. Өндүрүштү ишке ашыруу үчүн Кытай менен биргелешкен ишкана түзүлөт. Бул жаатта кытай компаниясы инвестор катары иш алып барат. Ал эми Курык портунда көп функционалдуу «Саржа» деңиз терминалы пайда болот. Анын курулушу бүгүнкү күндө ийгиликтүү жүрүп жатат. Долбоор Араб компаниясынын каржылоосу менен ишке ашырылууда. Саржа терминалынын кубаттуулугу жылына болжол менен 9,5 миллион тоннаны түзөт. Объект дан, мунай жана универсалдуу терминалдарды камтыйт. Аны 2027-жылга чейин ишке кошуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков