Казакстан Кытайга 1 миллион тоннага чейин буудай экспорттоого даяр

Казакстан Кытайга 1 миллион тоннага чейин буудай экспорттоого даяр

Казакстан Кытай Эл Республикасына жылына 1 миллион тоннага чейин эгин экспорттоого ниеттенүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы дан жана буурчак өсүмдүктөрү 22 миллион тонна, анын ичинен 16,5 миллион тонна буудай жыйналган. Белгилей кетсек, Казакстан дан өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Жыл сайын өлкө  40тан ашык мамлекеттин рынокторуна 8 миллион тоннага жакын буудай экспорттойт. Ошону менен бирге республика акыркы жылдарда ундун дүйнөлүк экспортунда алдыңкы орунду ээледи. Казакстан  жылына 2,5 миллион тоннага чейин ун экспорттойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков