Казакстандын президенти Акмола облусундагы түшүм жыйноо
иштеринин жүрүшү менен таанышты. Касым-Жомарт Токаевге быйыл айдоо аянттарынын
300 миң гектарга көбөйүп, беш жарым миллион гектарга жеткени тууралуу маалымат
берилди. Дан эгиндеринин түшүмү да өсүүдө – болжолдоолор боюнча 7 миллион
тоннадан ашат. Акмолалык дыйкандар 3 жарым миллион тоннадан ашык түшүм жыйнап
алышты. Өнүмдүн сапаты жогору. Президент ошондой эле айыл чарба түзүмдөрүнүн
жетекчилери менен баарлашты. Ал дагы бир жолу терең кайра иштетүүнү
өнүктүрүүнүн жана айыл чарба өнүмдөрүнүн жалпы ИДӨ көлөмүндө өстүрүүнүн
маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Айта кетсек, бүгүнкү күндө тармактын үлүшү 6%ды
түзөт жана бул көрсөткүчтөрдү көбөйтүү керек, деп белгиледи мамлекет башчысы.
Айрыкча, өлкө өзүнүн айыл чарба өнүмдөрүн активдүү экспорттоп жатат. Азыртадан
эле атамекендик дан коңшу өлкөлөрдүн рынокторунда да, Европада да суроо-талапка
ээ. Биринчи партия Вьетнамга жөнөтүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

